9-Сентябрь комуз күнү
9-Сентябрь Комуз күнүн атайы пландын негизинде иш алынып барылды.Комуздун келип чыгыш тарыхы жана Комуз күнүнүн майрамын белгилөө боюнча линейка өтүлдү.Класс жетекчилер «Комуз-Кыргыз элинин улуттук аспабы»-деген темада тарбиялык сааттарды өтүштү.Мектептин ыр-бий кружогунун жетекчиси Мамырбаева Наргиза эжей Кыргыз элинин көрүнүктүү комузчулары жөнүндө кенен слайд көргөзду жана окуучулар кенен маалымат алышты,анын ичинен Ак-Суу районунан чыккан комузчулардын сүрөттөрү жана алардын өмур баяндары ,чыгармачылык жолу жөнундө окуучуларга мааламат берилди.Мектептин комуз,ыр бий кружогунун катышуучулары Комуз күнүнө карата концерттик номерлерди аткарышты,соӊунда мектеп мугалимдеринин куттуктоолору менен жыйынтыкталды.
Комментарии