Асан Деркембаев жалпы орто билим берүү мектебинде USAID дин «Окуу керемет» долбоору боюнча семинар өтүлдү.
Асан Деркембаев жалпы орто билим берүү мектебинде USAID дин «Окуу керемет» долбоору боюнча башталгыч класстын мугалимдери ата-энелер менен бирдикте алгылыктуу иштерди жүргүзүп, балдарга татыктуу билимди беришүүдө. Жаӊы стратегияларды өз сабактарында колдонуу менен окуучуларга темаларды тереӊ түшүнүүгө өбөлгө түзүшүүдө 23-апрель «Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө» карата «Окуу керемет» долбоору боюнча мектепте башталгыч класстар семинар өтүштү.Семинарда 3-класстын эжейлери:УсупбековаБ,Каргалдаева М,Картайганова А, Сейиткулова Г, көрсөтмөлүү сабактарды өтүшүп,мактоого татыктуу болушту.Электрондук китептердин негизинде Сооронбаева Ж,Кыдыралиева А жана Эсенбаева Н эжейлер викторина,инценировкаларды ата-энелер менен бирдикте «эӊ жакшы»деӊгээлде даярдап көрсөтүштү. «Изилдөө» иштери боюнча Тентиева Гулнар эжей ата-энелердин жана балдардын чыгармачылык иштерин көрсөтмөлүү кылып өтүп беришти.Мектептин китепканачысы Абдылдаева Гулнар эжей электрондук китептердин негизинде даярдаган иш-чараларын жогорку деӊгээлде көргөзө алды.Окуучулар электрондук китептерди окуу менен ата-энелеринин жардамы аркылуу эӊ сонун китепчелерди жасашты.
Комментарии