Мектептин тарыхы
Асан Деркембаев атындагы жалпы орто билим берүү мектеби Ак -Суу районуна караштуу Кайырма-Арык айылында жайгашкан. Мектеп район борборунан 15 км аралыкта. 1925-жылы башталгыч мектеп болуп уюштурулган. 1946-жылы 7 жылдык мектеп уюштурулуп, 1962-жылы 7 жылдык мектеп 10 жылдык мектепке айландырылган. 1966-жылы»Мирный » колхозунун эсебинен 290 орундуу мектептин имараты курулуп башталып, жарымы бүткөрүлгөндө 1970 — жылдагы жер титирөөдө талкаланып калган.1970-жылы 260 курулган. Учурда Ак-Суу районуна караштуу Кайырма-Арык айылындагы Асан Деркембаев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин имараты 1973-жылы 320 орундуу эки кабат салынган.1989-1990-окуу жылында айылыбыздан чыккан коомдук мамлекеттик ишмер Асан Деркембаевдин ысымы ыйгарылган.Мектепте январь айындагы учету боюнча 333 окуучу окуйт,окуучуларга 28 мугалим билимин берип эмгектенет.Мектеп 2017 -жылы декабрь айында ысык тамак берүүгө киргизилген. Мектеп муниципиалдык менчик. Бул жөнүндө ГОС АКТ алынган жана каттодон өткөн. Мектеп 2018-жылдын 10-октябрында Ысык-Көл юстиция башкармалыгы тарабынан кайра каттоодон өтүп күбөлүк алынган. Ошол эле учурда устав жаӊыртылып жаӊы устав алынган.
Эмблема
Мектептин миссиясы
Ата-энелер,коомчулук менен тыгыз байланышта иштөө менен мамлекеттик стандарттын негизинде азыркы коомдун талабына ылайыктуу жашоодо өз ордун таба билген,инсанды окутуп-тарбиялоо
Мектептин усулдук темасы
Социалдык -экономикалык кырдаалга ыӊгайлашып кете алган жана сапаттуу билимге ээ болгон жаштарды тарбиялоо
Вы можете дать больше информации, так как это редактируемая страница сайта
На этой странице возможно добавить:
- Текст
- Фото / Видео / Документы
- Таблицы
- Списки
- Ссылки
- Разные цвета