Илипаева Динара Усеновна

Орус тил мугалими

Мен Илипаева Динара Усеновна 1976- жылы 7- августа Ак-Суу районуна караштуу Теплоключенко айылында төрөлгөм.1983 жылы   М.Мамакеев атындагы орто мектептин босогосун аттап,аны 1993 -жылы бүтүрүп,ошол эле жылы Бишкек шаарындагы Финансы техникумунун бухгалтерия курсун аяктагам.1995 жылы  январь айынан, май айына чейин “ Мезгил жарчысы”газетасынын  редакциясында бухгалтер болуп иштедим.

2005 жылы Каракол шаарындагы К.Тыныстанов атындагы университеттин сырттан окуу бөлүмүнүн орус тили жана адабияты факультетине тапшырып,2011-жылы бүтургөм.Ушул эле жылы Кайырма-Арык айылындагы А.Деркембаев атындагы жалпы орто билим берүү мектебине орус тили жана адабияты предмети боюнча мугалим болуп кирип, педагогикалык эмгек жолум баштагам. 2015 -2017 окуу жылдары мектептин профсоюз уюмунун жетекчиси,2017-2020 окуу жылдары мектептин тарбия иштери боюнча уюштуруучу кызматында иш алып бардым. Үй- бүлөөлүмүн. Төрт баланын энесимин.