Мен Курманалиева Жаркынай Казакбаевна 1980-жылы Түп районуна караштуу Арал айылында мугалимдин үй-бүлөөсүндө төрөлгөм. 1987-жылы 1-класска кирип, 1997-жылы 11-классты ийгиликтүү аяктагам.Ошол эле жылы Каракол шаарындагы Касым Тыныстанов атындагы университетинин «Көркөм сүрөт жана моделдештирүү» факультетине тапшырып 2002-жылы аяктагам.2002-2003-жылдары Нарын областына караштуу Таш-Дөбө айылында эмгек жолумду баштап балама байланыштуу акысыз эмгек өргүүгө чыккам.Андан кийин 2015-жылдан сентябрь айынан баштап Кайырма-Арык айылындагы А.Деркембаев атындагы жалпы орто билим берүү мектебиндеги жамааттык бала бакчада эмгек жолумду улантып жатып 2016-жылдан баштап кесибиме байланыштуу эмгек сабагы , кыздарга кол эмгек өнөрчүлүк ийриминен сабак берип иштеп үй- бүлөөлүмүн 4 кыз 1 уулдун сүйүктүү энесимин.
Келечектеги уул кыздарга тереӊ билим бергим келет.Кыздардын кол өнөрчүлүгүн өздөштүрүүсүнө билим тарбиямды берем деп ишенем.