Кыдыралиева Асел Калыковна

Башталгыч класстын мугалими

Мен Кыдыралиева Асел Калыковна 1972-жылы 22-август Ак-Суу районуна караштуу Ак-Булуӊ айылында уста дыйкандын үй-бүлөсүндө туулгам.1979-жылы Ыбырай Туманов атындагы мектепке кирип,1989-жылы бүткөм.1989-жылы Балыкчы шаарындагы Индустриалдык Техникумга тапшырып,1991-жылы мугалимдик кесипти окуп бүтүп,Асан Деркембаев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинен эмгек жолун баштаганмын.2013-жылы Касым Тыныстанов атындагы университетине тапшырып,2014-жылы башталгыч мугалим адистигин окуп бүтүрдүм.Азыркы учурда башталгыч класстын мугалими болуп эмгектенем.үй-бүлөлүмүн 3 кыз ,2 уулдун энесимин.