Насирдинова Анаркүл Жекшеновна

Математика мугалими

Мен Насирдинова Анаркүл Жекшеновна 1966-жылы 23-декабрда Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Бокомбаев айылында туулгам. Жети жашка чейин ата-энемдин колунда тарбияланып, 1974-жылы ушул айылдагы М.Горький атындагы орто мектебине 1-класска киргем. Мектепти 1984 – жылы аяктап, Фрунзе шаарындагы 1-май кийим тигүү фабрикасында иштегем. 1987-жылы В.Маяковский атындагы КЖПИ нун физика-математика факультетинин МИ бөлүгунүн студенти болдум. Окуумду 1992 – жылы аяктадым. Ушул эле жылдын август айында Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Кайырма- Арык айылындагы Кайырма-Арык орто мектебине математика мугалими болуп кирдим. Азыркы учурда ушул эле мектепте математика мугалими болуп эмгектенем. Стажым 30 жыл. Бул арада мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы, тарбия завучу болуп да эмгектендим . Үч баланы тарбиялап өстүрдүм.