Таипова Чыныгул Качкынбаевна

Соц.педагог

                                                                                                                                

Мен Таипова Чыныгүл Качкынбаевна 1962-жылы 20-октябрда  жарык дүйнөгө келгем.Орто мектепти 1979-жылы  ийгиликтүү аяктадым ,1981-жылы Пржевальск шаарындагы педагогикалык институттун математика факултетине 1-курска өтүү менен окуп билим алып 1985-жылы ийгиликтүү аяктап,математика жана информатика мугалимдиги кесибине ээ болдум Ушул эле жылы эмгек жолумду Кайырма-Арык айылындагы Кайырма-Арык орто мектебинде эмгек жана музыка мугалими болуу менен баштадым.1988-89-окуу жылы математика мугалими 10 саат жана “Балдар уюмунун улуу вожатыйы” адистиги менен эмгектендим.1998-2003-окуу жылдары “Тарбия иштери боюнча диретордун орун басары болуп эмгектендим.Коомдук иштерге активдүү катышуу менен Кереге-Таш айылдык кеңешинде өткөрүлгөн”Ыр кесе” кароо конкурсуна катышып байгелүү орунга ээ болуп”Ардак грамота” менен сыйландым. 2001-2002-окуу жылында райондук  өткөрүлгөн,”Жылдын мыкты мугалими”-кароо конкурсуна катышуу менен”Ардак грамота” менен сыйландым.2002-2003-окуу жылында мектеп директору кызматын аркаладым.Алдыма койгон максатым”Элиме болгон кызматым, Мекенге кошкон үлүшүм”-деген ураандын астында иш алып бардым. Окуучулардын татыктуу тарбия-билим алуусу үчүн,жагымдуу маанай, мектеп инфраструктурасын жакшыртуудан баштадым. Бирок,мектепке космикалык ремонт керек болгондуктан  2005-2006-окуу жылында Мерсико кайрымдуулук уюмуна долбоор жазып,58300 сом утуп космикалык ремонт жасалды..2005-2006-окуу жылында мектепте райондук директорлордун семинары”Стратегиялык пландоо жана аны ишке ашыруу”-деген темада семинар “эң жакшы” деңээлде өткөрүлүп,иш пландар түзүлгөн.”Ардак грамотага” татыктуу болдум.Ал планда мектепте “ Компютердик класс ачуу”,Кыздар,балдар үчүн”Эмгек кабинеттерин ачуу”,мектептин ички,сырткы инфраструктурасын оңдоп,түзөө,айланачөйрөсүн корктондүрүү,жашылдандыруу, прфилактикалык окутууну ишке ашыруу болгон.Ошентип долбоорлорду жазуу,донорлорду тартуу боюнча,иш чараларды иштей баштадым.Ошондой эле ОТЖП (окутууну-тарбиялоону жакшыртуунун планы иштелип чыгып план түзүүнү үйрөндүк.”Айылдык Билим берүү долбооруна”ЭҢ ЖАКШЫ” катышкан 10 мектептин катарына кошулуп “Лидер директор” наамына сертификат утуп алдым.жана 2000$(ДОЛЛАР)утуп алып,Усулкананы жаңы мебелдер менен толукталды окуу дисктери,окуу шкафтары,окуу столдору ,мугалимдерге 16 даана отургучтар.алдык. оттү.2011-2012-окуу жылында Мерсико кайрымдуулук фондуна”Ашкананы капиталдык ремонттон өткөрүү”-боюнча 69743 сомго долбоор жазуу менен.2012-2013-окуу жылында Мерсико кайрымдуулук уюмуна”Терезелерди пластик терезелерге алмаштырууга”долбоор жазып утуп алдым он бир класстын окуу кабинеттеринин терезелерин алмаштырылды..2015-2016-окуу жылында мектептин жылуулугун капиталдык ремонттон Окутуу-тарбиялоо системасында эч тоскоолдуктар же мүчүлөштүктөр болгон жок.Бүтурүүчүлөр 30-60% ке чейин жогорку атайын орто окуу жайларына өтүшүп жана окууларын аякташып,турмушта өз ордуларын табышты,  үй- бүлөлүү   3 уул,7 неберенин бактылуу энеси.