14-Мартта Ак Бата бирикмесинин отчеттук кечеси өтүлдү.Окуучуларга кыргыз каада салттарын көргөзүп беришти.Имангазиева Наргүл,Исакунова Жылдыз,Матаева Чолпон эжейлер кыргыз каада салтынан баланы бешикке салуу ырым- жырым , каада салтын көрсөтүп беришти.Окуучулар жогорку деӊгээлде «Атанын тагдыры» драмадан сахналаштырып коюп беришти.Чет тил эжейлер Усубалиева Гулназ эжей менен Элдияр кызы Нурия эжей ыр ырдатышты.Арыкбаев Малик агай тарыхтан согуштун башталышын айтып берди.Орус тил сабагынан берген эжейлер Илипаева Динара,Турдубаева Мээрим,Абдразакова Асел эжейлер балдарга Орус элинин«Маслиница» салтын көрсөтүп беришти.Отчеттук кече жогорку деӊгээлде өтүлдү.
Комментарии