2021-2022 окуу жылы биздин мектеп үчүн эӊ жакшы жылдардан болду.Биринчиден китепкана өзүнчө чоӊ бөлмөлүү болдук ал жерде окуучулар,мугалимдер айыл тургундары үчүн китеп окуй турганга шарт түзүлүп жылуу,жарык окуу залыбыз болду.
Экинчиден өзүбүздүн мектепти былтыркы окуу жылында бүтүрүп кеткен Абдылдаева Акмарал,Азаматова Айсезим жана Эркинбеков Султандын демилгеси менен «Бир адамдан бир китеп» долбоору иштеп айылыбыздан чоӊ жардам болду.Бул долбоордун негиздөөчүлөрү КР депутаты Нуржигит Кадырбеков жана Табылды агайларыбыз келип биздин окуучуларга каалоо тилектерин айтышып .өз салымдарын кошуп кетишти.
Комментарии